Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Өзбек атуулдары чегарадагы дагы бир көпүрөнү калыбына келтирүүгө аракет жасашты


ОШ. Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырып турган Шаркансай дарыясындагы бул көпүрө алты жыл илгери өзбек бийликтери тарабынан жабылган эле. Бүгүн эртеден баштап Өзбекстандын Карасуу шаарынын бир катар тургундары көпүрөнү өз алдынча ачууга жана калыбына келтирүүгө аракет жасай башташты. Ош чегара отрядынын командири Баатыр Абдыкапаров көпүрөнү оңдоп, экинчи бир жерден чегараны ачууну каалаган өзбек атуулдары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгүн, андан соң гана алар чегарадагы өз жумуштарын токтоткондугун кабарлады. Сыйымдуулугу 20 тонналык бул көпүрө автоунаалардын өтүүсүнө ылайыкташкан.

XS
SM
MD
LG