Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жооптуу өкүлү Рольф Экеус Москвага келди


Ал үч күндүк иш сапары Орусиянын түштүгүндө жашаган түрк-месхеттеринин маселелерин талкуулоого багытталганын жана аны Орусия бийлигинин Борбор Азиядагы улуттук азчылыктарга болгон мамилеси да кызыктыраарын “Известия” гезитине билдирген. Болжол менен 20 000 түрк-месхеттер өздөрүнүн мекени Кавказдан экинчи Дүйнөлүк согуш убагында Йосиф Сталиндин буйругу менен Өзбекстанга көчүрүлгөн. 1989-жылы Өзбекстандагы жергиликтүү калк менен түрк-месхеттеринин кагылышынан кийин совет бийлиги көптөгөн месхеттерди Орусиянын Краснодар облусуна жана башка түштүк аймактарга көчүрүүгө аргасыз болгон. Бирок аларга жергиликтүү бийлик ээлери тарабынан киргизилген мигранттарга каршы эрежелерге ылайык турак-жай алууга жана жерди ижарага иштетүүгө уруксат берилбейт. Мындай эрежелер Борбор Азиялык мигранттардын агымына нааразы болгон Краснодар облусунда айрыкча күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG