Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:35

Жалалабадда табият кырсыгы адам өмүрүн алып кетти


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун аймагында болгон табият кырсыгынан төрт адам өлдү. Алабука районундагы Аккоргон айыл өкмөтүнүн 34 жаштагы койчусу Жоробековго мал кайтарып жүргөн жеринде чагылган тийген. 14-майда Токтогул районундагы Кайыңды участкасына таш кулап, андан Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтүнүн тургуну Токсобаевдин үй-бүлөсүнүн 80, 25 жана 1 жаштагы мүчөлөрү каза табышты. Алабука районунда жүргөн сел Шарапкана участкасындагы 100 метр бетон тосмолорду бузуп, ушул жерде күчөгөн жер көчкү 20 турак жайга жана электр жарыгын берүүчү эки таянычка коркунуч келтирүүдө. Селдин айынан Аксы районундагы Кошдөбө айылында сегиз турак үйгө зыян келип, 22 короонун бак аянтын суу баскандыгын облустук чукул кырдаал башкармалыгы 17-майда маалымдады.

XS
SM
MD
LG