Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Милиция менен жер басып алуучулар кагылышты


БИШКЕК. Бишкектеги Асанбай кичи районунун аймагынан мыйзамсыз жер басып алуучулар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда 16-майдын кечинде кагылышуу болду. Анда 28 атуул кармалып, Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына жеткирилди. Кагылышууда 14 миллиционер жана 4 атуул жабыркады. Бул тууралуу Ички иштер министринин басма сөз катчысы Нурдин Жангараев билдирди. Жер басып алуучулар 17-майда Алатоо аянтына жана өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Жүзгө жакын адам милициядан көргөн кордугун айтуу менен өкмөттүн жетекчилерин жолугушууга чакырды. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова атуулдарга күч колдонууну айыптап, өкмөттүн ага жооп берүүсүн талап кылууда.

XS
SM
MD
LG