Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

К.Бакиев: «Мен жигиттик сөз бердим»


БИШКЕК. «Биз Феликс Кулов экөөбүз Кыргызстандын биримдиги жана туруктуулук үчүн бириктик. Эгер саясий туруктуулук болсо, Кыргызстанда экономикалык өсүү болот»,-деп президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 17-майда Кыргыз-Славян университетиндеги жолугушууда билдирди. Бакиев андан тышкары «экөөбүз юридикалык эмес, саясий документке кол койдук, албетте, саясий документ саясат үчүн күчкө ээ эмес, бирок аны аткарууга мен жигиттик сөз бердим» деп кошумчалады. Анын айтымында, Кулов менен макулдашууга кол коюлгандан кийин бир топ министрлер жандуу иштөөгө киришти. Алар мурда Кулов же Бакиев үчүн иштээрин ачык билбей «уйкудагы чымындай» болуп эки анжы ойдо жүрүшкөн. «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев 17-майда билдирүү таратып, эки саясатчынын биримдигин саясий даанышмандык деп баалады. Анын билдирүүсү боюнча, муну менен 24-марттан кийин биринчи ирет элди бириктире турган мүмкүнчүлүк пайда болду.

XS
SM
MD
LG