Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды


БИШКЕК. 17-майда Жогорку Кеңеш Анжиян окуясы жана кыргыз-өзбек чек арасындагы абалга байланыштуу токтом кабыл алды. Анда чек арада тартипти күчөтүү, экстремисттик диний уюмдар ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана Өзбекстанга колдон келишинче гуманитардык жардам көрсөтүү өкмөткө тапшырылды. Андан сырткары өлкөнүн коопсуздугун сактоо жана күч структураларын реформалоо боюнча атайын программаны бир ай ичинде иштеп чыгуу да өкмөткө сунушталды. Кыргызстандык адам укугун коргоо уюмдары өзбек качкындарын мекенине күч менен кайра кайтарбоо өтүнүчүн өкмөткө билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG