Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Коопсуздук кеңештин катчысы Жогорку Кеңешке маалымат берди


БИШКЕК. 17-майда коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 538 өзбек атуулу бар. Аларга эл аралык уюмдардын көмөгү менен тийиштүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Өзбекстан премьер-министри Шавкат Мирзиоев президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргызстандагы өзбек атуулдарына кам көрүүнү өтүнүп, жакынкы күндөрдө аларды алып кетишээрин билдирген.Ниязовдун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын күч структуралары чек арадагы кырдаалды толук көзөмөлдөп турат. Ал эми өзбек качкындарына кыргыз атуулдугу берилбейт.

XS
SM
MD
LG