Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Эл аралык уюмдар качкындарга көмөк көрсөтөт


Өзбекстандагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын түштүк аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасында турган өзбекстандык атуулдарга Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери жардам көрсөтүүгө даяр. Уюмдун качкындар боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз-өзбек чекарасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүү иштерин баштайт. Бул тууралуу 18-майда БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кеңсесинен маалымдашты. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин миграциялык кызматы тарабынан Жалалабад облусунда 491 өзбек атуулу башпаанек сурап жатат. Алардын баары азырынча Кыргызстанда калууга мүмкүнчүлүк берген каттоодон өтүштү. Кыргызстан «Качкындардын макамы жөнүндөгү» 1951-жылкы Конвенцияны ратификациялаган. Ага ылайык, башка өлкөнүн саясий башпаанек сураган

XS
SM
MD
LG