Москванын Мешан райондук соту Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин иштери боюнча өкүм чыгарууга бейшембиге чейин танапис жарыялады. Адвокаттар сот мындай аракеттери менен эл менен маалымат каражаттарынын ындынын өчүрүп, ишке болгон кызыгуусун кетиргени жатат, деп айтышууда. Ходорковский менен Лебедев алдамчылык кылган, салык төлөөдөн качкан жана ууру кылган, деп айыпталууда. Шейшембиде сот койулган күнөөнүн бардык пункттары боюнча экөөнү айыптуу деп тапты. Ходорковский менен Лебедев койулган күнөөнү четке кагып жатышат.
Сот Михаил Ходорковский менен Платон Лебедевдин иштери боюнча өкүм чыгарууга бейшембиге чейин танапис жарыялады