Бүгүн Тажикстандын баш калаасында президент Имомали Рахмонов менен Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жолугушуп, эки тарапты кызыктырган маселелерди жана Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон окуяларды талкуулашты. Бакиев Рахмоновду Кыргызстанда болгон ынкылап эки өлкөнүн мамилелерине залака тийгизбейт, деп ишендирди. Ал эми Рахмонов кошуна Өзбекстандагы окуялар жөнүндө буларды айтты:
- Бул Өзбекстандын ички иши. Биз абалдын курчуп кеткенинин себептерин талдап чыгуубуз керек. Бирок акыбалдан белгилүү бир кара ниет күчтөр пайдаланып кеткендиги талашсыз.
Бакиев менен Рахмонов эки өлкөнүн ортосуна жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу жана өз ара келишүү менен жер бөлүшүү тууралуу макулдашууга кол коюшту.