Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

1939-жылга чейин төрөлгөн аманатчылардын акчалары төлөнүп берилет


БИШКЕК. Өкмөт башчы Курманбек Бакиев буга чейин кудуретсиз деп жабылган “Инсан”, “Курулушбанк”, “Меркюри” жана “Кыргызэлбанктарынынын” аманатчыларына социалдык колдоо көрсөтүү тууралуу токтомго кол койду. Ага ылайык аталган банктардын 1939-жылга чейин төрөлгөн аманатчыларынын акчалары төлөнүп берилет. Каржы министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мындай каражат республиканын 2005-жылдагы бюджетинин эсебинен төлөнөт. Учурда өлкө боюнча убагында аталган банктарга салган акчаларын ала албай калган 1123 атуул бар.

XS
SM
MD
LG