Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Президенттикке талапкерлер өз ара келишимге кол коюшту


БИШКЕК. Президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн атуулдардын ичинен төрт талапкер 19-майда өз ара «Намыс кодексине» кол коюшту. Мындай келишимге президенттикке талапкерлер Турсунбай Бакир уулу, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жусупбек Шарипов жана Назарбек Нышанов кол коюшту. Бул иш чара президенттик кызматка ат салышкан талапкерлердин улуттук клубу тарабынан уюштурулду. Келишимге кол койгон атуулдар президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзам бузбоо жана шайлоодон кийин утулуп калса нааразылык акциясын уюштурбоо тууралуу макулдашышты.

XS
SM
MD
LG