БИШКЕК. АКШнын ЮСАИД программасынын карамагындагы өзгөчө кырдаалдарда чет өлкөлөргө жардам берүү (OFDA) башкармалыгы жабыр тарткан өзбекстандык адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 50 миллион доллар бөлдү. Анын 4,5 миңден ашыгы азык-түлүк, ашкана буюмдары үчүн берилди. Сити Хоуп Интернешнл жана Аялдардын Конгресси да ЮСАИД уюмунун өкүлдөрү аркылуу медициналык жардам көрсөттү. Ал эми Антитеррордук Ганси авиабазасы качкындар лагерине бекер чатыр берүүну болжоп жатат. Бул тууралуу 19-майда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымат таратты. Мындай жардамдар АКШ тарабынан Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга 530 жарандын ооп келишине байланыштуу берилүүдө.