Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Иракта кан төгүүлөр токтой элек


Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында козголоңчулар суннит саясатчы Фауваз ал- Жарбага кол салып, чабуулда 7 киши набыт болду. Ал-Жарба эч кандай жараат алган жок. Бүгүн эрте менен Багдадда үйүнөн чыгып баратканда Мунай министрлигинин жооптуу кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетти.
Ирак полициясы Багдаддын түндүгүндөгү Бакуба шаарчасында жолго коюлган бомбага кабылып, полициянын эки кызматкери каза тапканы маалымдады.
Премьер-министр Ибрагим Жафари бүгүн Иракка коңшу өлкөлөргө кайрылып, чет өлкөлүк согушчандардын Иракка өткөрбөөнү өтүндү.

Эрегишчилер апрелдин аягында Ирактын жаңы өкмөтү түзүлгөндөн бери чабуулдарын күчөтүшүп, андан 400дөн ашуун адамдын каны төгүлдү.

XS
SM
MD
LG