Түндүк жана Түштүк Корея Корей жарым аралындагы тынчтык үчүн чогуу аракеттенет. Акырыкы он айда биринчи жолу түз өткөн бүгүнкү сүйлөшүүдө эки Кореянын өкүлдөрү ушундай деп макулдашты. Түндүк Кореянын Кесонг шаарчасында болгон сүйлөшүүдө Түндүк Кореянын өзөктүк программасы жөнүндө эч кандай сөз болбоду. Эки жак чогуу жасаган билдирүүдө келерки айда Сеулда министрлер деңгээлиндеги кездешүү өтөөрү, Түштүк Корея 21-майдан тартып Түндүк Кореяга 200 миң тонна жер семирткич жөнөтөөрү айтылат.