Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Кочкор шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп сегиз адам катталды


НАРЫН. Мындай маалыматты 20-майда Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев билдирди. Төраганын айтымында жалпысы 10 талапкер көрсөтүлгөн. Бирок депуттардын Нарын областтык жана Кочкор райондук кеңештеринин төрагалары Кубатбек Акматбеков менен Зарылбек Таабалдиев ыктыярдуу түрдө катталуудан баш тартышкан. 8 талапкердин баардыгы тең өзүн-өзүн көрсөткөндөр жана алардын арасында бир дагы аял жок. Депутаттык мандат үчүн ат салышкандарын ичинде мурунку губернатор Бейшенбек Болотбеков, Каржы министринин милдетинин аткаруучу Акылбек Жапаровдун бир тууганы Нурланбек Жапаров, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин департамент башчысы Марат Исаков, экс-депутат Талгарбек Момуналиев бар.

XS
SM
MD
LG