Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

КЭК курултай өткөрөт


БИШКЕК. 21-майда Бишкектеги Кыргыз драма театрында Кыргызстан элдик кыймылынын курултайы болот. Бул тууралуу кыймыл курамындагы «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев 20-майда билдирди. Анын айтымында, курултайда Курманбек Бакиевди президенттикке талапкер кылып көрсөтүү маселеси каралат. Маалыматка караганда, Кыргызстан элдик кыймылынын курамына Валерий Хон жетектеген «Экономикалык өнүктүрүү», Эсенгул Алиев жетектеген «Агрардык» партия жана Дыйкан-фермерлер партиясы кошулду. Андан сырткары Накен Касиев жетектеген «Элет» партиясы да кыймыл катарына кошулуу ниетин билдирүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы 19-майда Кыргызстан элдик кыймылы шайлоо блогу катталгандыгын жарыялады.

XS
SM
MD
LG