Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Бекназаров Акаевге эскертүү жасады


Өлкөнүн Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров мурунку президент Аскар Акаевге «МСН» гезити аркылуу кайрылуу жолдоп, кырдаалды чыңалтпоого чакырды. Май айында «Аргументи и факты» гезитине жарыяланган маегиңизде «көңтөрүштү жасагандар арасында наркобарондор, криминалдык төбөлдөр болгон. Кыргызстандын жаңы өкмөтү алардын колунда барымтада калды. Алар карызды төлөтүп алууну билет. Ошондуктан Кыргызстан аркылуу баңги заттарын ташууга жол ачылды» деп билдирип, иш жүзүндө элдик жаңы бийликтин, элдин, Кыргызстандын ар бир атуулунун аброюна шек келтирдиңиз. Элди жана элдик бийликти ушинтип кордоо менен кырдаалды курчутуп жатасыз. Жаңы бийликтин легитимдүүлүгүн Жогорку Кеңештин эскиси да, жаңысы да тааныган. Ошондуктан Кыргызстан атуулу катары Кыргызстандын Конституциясын сыйлоого милдеттүүсүз, деп жазылган Азимбек Бекназаровдун кайрылуусунда.

XS
SM
MD
LG