Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:45

Парламент комисиянын маалыматын укту


БИШКЕК. 20-майда Жогорку Кеңеште өлкөдө саясий-коомдук кырдаалды жөнгө салуу чараларын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов маалымат берди. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекеттик комиссия көз карандысыз, бирок эл алдында жооп бере турган сот бийлиги жөнүндө жобо иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучуларды административдик ресурс катары пайдаланбоо, бейөкмөт уюмдардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана кадр саясатын ачык жүргүзүү зарыл деп сунуштады. Социалдык тармакта болсо структуралык реформа жүргүзүп, ипотекалык кредит берүүнү күчөтүү керек. Депутат Кубатбек Байболовдун айтымында, сунуш кылынган документ чийки жана конкреттүү чаралар көрсөтүлбөй калган. Ушундан улам парламент маселеге кийинчерээк кайрыла турган болду.

XS
SM
MD
LG