АКШнын Бакы шаарындагы элчилиги бүгүн атайын билдирүү таратып, азери оппозициясынын отузга жакын өкүлү камакка алынганы тууралуу тынчсызданганын айтты. Алар эртең өкмөткө каршы митинг өткөрүүгө даярданып жаткан. 18-май күнү болсо жаңы эле камактан бошотулган Улуттук демократиялык партиянын жетекчиси Эхтирам Жалилов белгисиз себептерден каза болгон.