Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Аба ырайы


Гидрометеорология борборунун шашылыш билдирүүсү боюнча, 21-22-май күндөрү өлкөнүн тоолуу аймактарынын тоо этектеринде сел жүрүп, Жалалабат, Ош, Баткен өрөөндөрүндө дарыяларда суу ташкындоосу күтүлүүдө.

22-майда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан-чачындын болушу күтүлөт. Тоого кар түшөт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙдө түнкүсүн +4...+9, күндүз +15...+20 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21 гардус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +12...+17 градус.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн 0...+5, айрым аймактарда 0...-2 градус суу болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз +10...+15 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +16...+18 градус жылуу.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG