Ооганстандын президенти Хамид Карзай америкалык аскерлердин ооган түрмө туткундарына көрсөткөн кордугу жөнүндөгү кабарга кайгырганын билдирип, туткундардын укуктарын бузуп жаткан аскерлерге каршы адилет чара көрүлүүсүн талап кылды:
- Бул кабар мени абдан чочутту, биз андай жорукту айыптайбыз. Биз АКШнын өкмөтү аларга каршы абдан катуу чара көрүүсүн талап кылабыз жана мен бул талабымды АКШга барганымда дагы кайталайм.
Жума күнү «Нью- Йорк Таймс» гезити Американын армиясында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин протоколдорунун айрым жерлерин келтирип, Баграм аскердик базасында 2002-жылы эки оогандын өлүмүнө алып келген окуяны айтып берген. Карзай Буш менен Вашингтондо алдыдагы дүйшөмбүдө жолугат.