Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Жер чатагынын чыры чубалууда


БИШКЕК. Жер басып алгандар менен милиция ортосунда 16- майда болгон кагылышууда токмок жеген Таалай Көчкөновду 4-шаардык оорканада жаткан жеринен Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уурдап кетишкен. Мындай маалыматты Кылым шамы бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдрасулова таратты. Укук коргоочунун айтымында, денеси көгала болуп оор абалда жаткан Таалай Көчкөнов учурда убактылуу кармоочу жайга камалып, ага карата кылмыш иши ачылды. Эскерте кетели, 16- майда баш калаанын Асанбай кичи районунун тушунан жер ээлеп алгандар менен милиция кызматкерлери ортосунда кагылышуу болуп, жер басып алган 80дей адам, 6 милиция кызматкери жарадар болгон. Жер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Жыпар Жекшеев бул окуя Аксы окуясынан кийинки милициянын элге кол салышы болду деп билдирди “Азаттыкка”.

XS
SM
MD
LG