БИШКЕК. Өзбекстандан жашыруун кирип келген айрым атуулдарды Кыргызстан өзбек бийлигине өткөрүп берүүдө. Бул тууралуу Сузак районунун акими Тагайбек Жаркынбаев “Азаттыкка” билдирди. “Интерфакс” агенттиги жекшемби күнү эртең менен кыргыз тарап Өзбекстанга 84 качкынды өткөрүп берди деп жазып чыккан. Бирок бул тууралуу ырасмий бийлик маалымат берүүдөн баш тартты. Сузак районунун Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагында 14- майдан бери баш калкалап турган 550 өзбекстандык дале качкындар лагеринде турушат. Качкындарга барып ал акыбалы менен таанышкан Эдил Байсалов алардан эч ким өзбек тарапка өткөрүлө элек деп билдирди. Эдил Байсаловдун пикиринде, кыргыз бийлиги бул качкындарды Өзбекстанга кайтарып бербеши керек. Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязовдун пикиринде, кыргыз- өзбек чек арасында кырдаал туруктуу. Ал бул боюнча журналисттердин бардык суроолоруна дүйшөмбүдө жооп берээрин билдирди.