Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Монголияда акыркы 16 жылда төртүнчү ирет президент шайланды


Монголияда бүгүн президенттик шайлоо болду. Шайлоонун жеңүүчүсү эки мөөнөт президент болгон мурдакы коммунист Натсагын Багабандыны алмаштырат. Сурамжылоолор Элдик революциялык партиянын төрагасы, мурдакы премьер-министр Намбарын Энхбаярдын мүмкүнчүлүгү калган үч талапкерге салыштырганда чоң экенин көрсөткөн. Энхбаяр бүгүн эрте менен шайлоо калыс өтөт деген тилегин билдирди:

- Мен шайлоо эркин жана калыс болот, эл шайлоого жапырт катышат жана бул жакшы шайлоо болот деген үмүттөмүн.

Монголиянын экономикасы 2004-жылы 11 процентке, 2003-жылы 5, 5 процентке өстү. Ага карабай, элдин үчтөн бири жакыр жашайт.

XS
SM
MD
LG