Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

«Хизб-ут тахрир» баракчалары көбөйүүдө


ЖАЛАЛАБАТ.Облус аймагында ырасмий катталбаган “Хизб-ут тахрир” уюмунун баракча таратуу иштери күчөп кетти. Борбор Азияда ислам бийлигин орнотууга чакырган жашыруун партия орус жана өзбек тилдеринде чыккан кезектеги баракчаларында Анжияндагы кандуу окуяны сынга алган. Көп адамдын өмүрү кыйылган бул окуя “Хизб-ут тахрир”, же “Акрамист” уюмдары эмес, Өзбек бийлигинин көрсөтмөсү менен иштеген топтор тарабынан аткарылганы айтылып, Америка жана Орусия менен Ислам Каримовдун жасаган иши катары бааланган. Өзбек президенти менен өкмөттүн отставкага кетүүсү талап кылынган мындай баракчалар Жалалабат шаарынын көчөлөрү менен базарларга, Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы райондоруна таркатылып, электр мамы жыгачтар менен дубалдарга чапталган. Буга дейре партиянын баракча таркаткан он үч мүчөсү кармалган.

XS
SM
MD
LG