Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Жогорку сотто жагдай өзгөрүүсүз


БИШКЕК. 22-апрелден бери Жогорку соттун имаратын ээлеп турган шайлоочулар тобу 23-майда нааразылык чараларын улантышты. Бул күнү алардын катарын №59-Чүй, №21-Токтогул, №66-Аксуу, №28-Кызылтуу шайлоо округунун нааразы шайлоочуларынын өкүлдөрү түздү. Нааразы болгондор мурдагыдай эле Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов баштаган сот курамынын кызматтан кетишин, өз талапкерлерине байланыштуу акыйкат чечим чыгарып беришин талап кылууда. Бул маселеге байланыштуу расмий чечим кабыл алына элек. Төрага Курманбек Осмонов кызматтан кетүү тууралуу арызын 25-апрелде берип, бирок парламенттен кайра кайтарып алган. Осмонов бул жагдайды сот кризиси катары эмес, сүйлөшүү жолу менен чечилчү маселе катары санайт. Парламент менен өкмөт бул маселеге баасын бере элек.

XS
SM
MD
LG