Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Президенттик шайлоого катышуу үчүн 17 адам арыз берди


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттик шайлоону өткөрүү боюнча календарлык планына ылайык президенттикке талапкерлерди каттоо мөөнөтү 26-майда соңуна чыгат. БШКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүнкү күнгө чейин президенттикке талапкер катары катышуу үчүн 17 адам арыз берди. Алардын ичинен бир талапкер, дарыгер Жеңишбек Назаралиев өз арызын кайтарып алды. Ошондой эле соңку үч күндүн ичинде эле төрт атуул арыз менен кайрылышты. Алардын арасында Аскар Акаевди 2015-жылга чейин бийликте калтыруу үчүн атуулдардын колун топтогон «Элим менен элим үчүн» коомдук фондунун башчысы Аманбай Сатыбаев, Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар бирикмесинин жетечиси Токтайым Үмөталиева, ишкер Өмүрбек Бөлтүрүков жана жумушсуз жүргөн Дамира Өмүркулова аттуу аял бар.

XS
SM
MD
LG