Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Чегара кызматы Улуттук коопсуздук кызматынын карамагына өттү


БИШКЕК. Кыргызстандын чегара кызматы Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы чегара аскери болуп кайра түзүлмөй болду. Буга байланышкан жардыкты президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 23-майда чыгарды. Жардыкка ылайык чегара аскери Коопсуздук кызматына баш ийип, бул тармакты коопсуздук кызматынын биринчи орун басары башкарат. Коопсуздук кызматы чегара аскеринин структуралык түзүлүшүнө, аскер кызматчыларынын санына байланышкан долбоорду президенттик администрацияга 1-октябрга чейин сунушташы керек. Жардыкта белгиленгенге караганда, чегара кызматчыларынын наамдары, компенсациялары, жеңилдиктери жана кепилдиктери толугу менен сакталып калат. Мындай кабарды президенттин маалымат кызматы таратты.

XS
SM
MD
LG