Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Саударабияда аялдарга машина айдоого уруксат берүү маселеси чечилбей калды


Жергиликтүү гезиттер жазганына караганда, падышалыктын кеңеш берүүчү жыйыны маселени 150 мүчөлүү Шира кеңешинин төрагасы Канададан кайтып келгенге чейин карабайт. Депутат Мохамед ал-Золфа аялдарга эмне үчүн машина айдоого уруксат берүү керектигин далилдеген 14 негиздеменин тизмесин сунуш эткен эле. Саударабияда аялдар эркек туушканы коштоп жүрсө гана машинага түшө алат.

Ал эми Кеңеш берүүчү жыйындын жетекчисинин орун басары Махмуд Тиба аялдардын машина айдоосуна салынган тыйууга байланышкан маселени өлкөдөгү эң жогорку диний бийлик болгон Улуулардын кеңеши гана чече алаарын билдирди.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады

XS
SM
MD
LG