Укук коргоочу уюм Насрулла ибн Ибадулланы түрмөдө катуу сабашканын, бирок кол салгандар жаза албаганын эскертти. Улуту өзбек ибн Ибадулла былтыр катуу кайтарылган түрмөгө 22 жылга кесилген эле. Сот аны 2002-жылдын ноябрындагы түркмөнбашыга кол салуу аракетине катышы бар деп тапкан. Бирок башкалар Ибадулла президент Ниязовдун «Рухнама» китебин мечиттерде колдонуудан баш тартканы үчүн жазаланды деп айтышууда.