Козголоңчулардын соңку кол салууларынан кеминде 50дөй адам каза таап, 100дөн ашууну жаракат алды. Өлкөнүн түндүгүндөгү Тал Афар шаарында кечээ кечинде миналанган эки автоунаанын жарылуусунан кеминде 30 адам өлүп, 20дан ашууну жарадар болгон. Багдаддын түштүк тарабында шийиттерге караштуу мечиттин сыртында болгон жарылуудан кеминде 10 адам каза таап, отуздайы жаракат алса, башкалаанын өзүндө эл көп келген кафенин сыртында дагы бир автоунаанын жардырылуусунан 4 адам өлүп, 100дөн ашууну жаракат алды. Мунун аралыгында, Багдаддын батыш тарабында ирактык аскерлер АКШ жоокерлеринин колдоосу астында өткөргөн операция учурунда 300дөй шектүү адам камалган.