Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Жер талап кылгандардын артында бир күч барбы?


БИШКЕК. Бишкектин айланасынан жер алабыз деген талап менен пикет, митингдерге чыгып жаткан адамдардын артында козуткан күч бар. Мындай пикирин премьер-министр Курманбек Бакиев 24-майда аялдар уюмдарынын жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, жерге муктаж адамдарга 472 гектар жер берилди, бирок ал жетпегендиктен дагы кошумча жер берүү үчүн токтом даярдалып жатат. Бирок Курманбек Бакиев жерге муктажбыз деп тизмеге түшкөн адамдардын көбүнүн Бишкекте турак-жайы бар экендиги аныкталып жаткандыгын белгиледи. Жерге муктаж адамдардын айтымында, тизмеге түшкөндөрдүн саны 80 миңден ашык.

XS
SM
MD
LG