Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Шериктеш аймакта паспорт менен гана жүрүүгө болот


БИШКЕК. 24-майдан тарта Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн атуулдарынын өз ара катташуулары жөнүндө жаңы тартип күчүнө кирди. 2005-жылдын 24-мартында кол коюлган протоколго ылайык Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Беларус калкы өз ара катташууга паспорту болгондо гана укуктуу болот. Андан сырткары паспорттун чет өлкөлүк бети толтурулган болууга тийиш. Кыргызстан менен Казакстан атуулдары идентификациялык карточкалар менен катташууга мүмкүнчүлүк алуусун камсыз кылууга кыргыз өкмөтү аракет кылууда. Анын жыйынтыгы эки жуманын ичинде чыгып калышы керек, деп билдирди тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгы 24-майда.

XS
SM
MD
LG