Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:51

Т.Исмаилова: «Өзбек атуулдарга качкын макамын берүү керек»


БИШКЕК. Кыргыз бийлиги Өзбекстандан качып келген адамдарга качкын макамын бериши керек. Мындай билдирүүнү 24-майда «Атуулдар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун төрайымы Төлөкан Исмаилова АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Өзбекстандан качып келген адамдар жайгаштырылган Тешикташ лагеринде болуп келген Төлөкан Исмаилованын айтымында, лагердеги өзбек атуулдары өз өлкөсүнө кайра кайтууну каалаган жери жок жана алар Өзбекстанга кайтса репрессияга туш болушу ажеп эмес. Анын айтымында, ошон үчүн качып келгендерге эл аралык уюмдар камкордук көрүүгө жана алардын көмөгү менен кыргыз өкмөтү качкындардын тагдырын тезинен чечүүгө милдеттүү. Андай болбосо эки коңшунун мамилеси курчуйт. Азыр Кыргызстанда Өзбекстандын 491 атуулу бар жана алардын ичинен үчөө ооруканада.

XS
SM
MD
LG