Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Эл аралык Хьюман райтс уотч уюму Өзбекстан бийлиги тарабынан камакка алынган укук коргоочу үчүн тынчсызданууда


АКШдагы бул уюм өзбек бийлигине кайрылуу кат жиберди. Анда 13-майдагы окуяларга тиешеси бар адам катары өзбек бийлиги тарабынан кармалган укук коргоочу Сеиджахон Зайнабидиновду боштондукка чыгаруу өтүнүчү жазылган. Уюмдун билдирүүсү боюнча Сеиджахон Зайнабидиновдун камалышы анын 13-май күнү бийлик тарабынан элге күч колдонулгандыгын айтып чыккандыгына байланыштуу. Ошондой эле Зайнабидинов Анжиянда ок биринчи бийлик тарабынан атылгандыгын бир нече чет элдик маалымат каражаттарына айткан. Укук коргоочу күч органдары тарабынан өткөн ишемби күнү камакка алынган эле.

Бул окуяны Өзбекстандын “Эрк” демократиялык партиясынын жетекчиси, учурда Европада бозгунчулукта жүргөн Мухаммед Салих президент Каримовдун репрессиясы деп баалады:

-Биз Каримовдун репрессиясын токтотуубуз керек. Мен бардык агенттиктерди Анжиян окуясына байланыштуу канча адам камакка алынгандыгын жана алардын кайда экендигин тактоого чакырам. Ошондой эле башка мамлекеттердин, өзгөчө Батыш өлкөлөрүнүн жетекчилерине кайрылам: Сиздер Каримовдун кылмышын көрдүңүздөр. Буга чейин 15 жыл бою ал өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтпөй келди. Эми анын элине ок аткан кылмышына көзүңөрдү жуумп койбогула. Эгер сиздер бул жолу да болгон ишке көз жуумп койсоңор, кордолгон эл мындан ары сиздердин демократия жана адам укуктары тууралуу айткан сөзүңөргө ишенбейт

XS
SM
MD
LG