Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

26-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 26-майда республиканын айрым аймактарында кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерге кар түшөт.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23 градус жылуу. Ош, Жалалабат, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25 градус. Ысыккөл ойдуңунда +4…+9, күндүз +13…+18 градус жылуу болот. Нарын жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20. Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23 градус. Ордо калаа Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Кыска мөөнөттө жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор - Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG