Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Бириккен Улуттар уюмунун өкүлдөрү качкындардан кабар алды


ЖАЛАЛАБАТ. Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы качкындар миссиясы менен Түштүк Кыргызстандагы превентивдүү өнүктүрүү, жакырчылыкты жоюу, жергиликтүү бийликти ажырымдоо жана башка долбоорлордун жетекчилерин Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Эжи Скуратович, ПРООНдун Ньюйорктогу штаб квартирасынын Борбор Азия жана Европа боюнча аймактык директору Мижей Кальман баштап келди. Өзбекстандык бозгундар Кыргызстанга ыраазылыктарын билдирүү менен өз мекенине кайтпай тургандыгын, бирок чатырлар жетишсиздигин, мүмкүнчүлүк болсо Кыргызстандын башка жерине көчүрүү талабын кыргыз өкмөтүнө жеткирүүнү өтүнүштү. Бириккен Улуттар уюмунун миссиясы Кыргыз өкмөтү Эл аралык келишимдерди аткарганын белгилеп, бозгундарга мүмкүнчүлүктүн жетишинче жардам болоорун, бирок өзбекстандыктардын качкын макамы чечилбей жатканын билдиришти.

Лагерде 489 бозгун бар, алардын үчөө райондук ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG