Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кытайда


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов визит менен Кытайга келди. Бул анын 13 майдагы кандуу окуялардан кийин чет өлкөгө биринчи чыгышы. НАТО жана Европа өлкөлөрү өзбек бийликтеринин нааразылык акциясына чыккан элге күч колдонгонун кескин сынга алды. Бирок Каримов бул сын- пикирлерди четке кагып, окуянын көз карандысыз комиссия тарабынан иликтенүүсүнө макулдук бербей койду. Ал эми Кытайдын тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү тараткан маалыматында расмий Бээжин Өзбек өкмөтүнүн терроризм жана экстремизмге каршы согушун жана жалпы региондогу туруктуулукту сактап калуу үчүн башка Борбор Азия жумурияттары менен бирге жасап жаткан аракеттерине колдоо билдирди.

XS
SM
MD
LG