ЖАЛАЛАБАТ. Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Өмүрзак Өзбеков бийлик алмашкандан кийин түштүк аймактарындагы элдин маанайын билүү үчүн келгендигин жана кызматташууну өркүндөтүү максатында казак өкмөтү транспорт жана темир жол тарифтерин эки эсе төмөндөткөнүн билдирди. Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагында турган Өзбекстандын качкындарынын ал-жайын билүү үчүн ал жерге барып, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен сүйлөштү. Облустун бир топ өнөр-жай ишканаларын кыдырып, алардын өндүрүштүк жана экономикалык жагдайы менен таанышып, облус жетекчилери, ишкерлер менен жолугушту. Губернатор Жусупжан Жээнбеков облустун ишканаларында мүмкүнчүлүктөр көп экендигин, ага казак инвестициясы салынса ута тургандыгын жана облустун Казакстандын бир дубаны менен өнөктөш болуу оюн билдирди.