Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Айрым депутаттар ТИМ башчысына нааразылык билдирди


БИШКЕК. 27-майда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева кызматынан кетсин деген талапты коюшту. Буга депутат Камчыбек Ташиевдин «Роза Отунбаева Европарламенттин делегациясы менен жолугушууда азыркы парламентти таратыш керек деп айтты» деген билдирүүсү себеп болду.

Депутат Кубанычбек Исабеков "Эгер ар бир милдет аткаруучу министр келип алып эле бизди таратам десе, анда келгиле биз өкмөттү тараталы. Же Үсөн Сыдыковго каршы же азыркы өкмөткө каршы киши жок деп жатасыңарбы?"- деп сунуштагандан кийин, Роза Отунбаева парламентке келип, «парламент тарасын» деп эч жерде айтпагандыгын жана анын сүйлөгөн сөздөрүн туура эмес түшүнгөндөр бар экендигин төмөнкүчө билдирди:

- Кыргызстанга Европарламенттин делегациясы келгенде мен алар менен жолугушкам. Анда мен, бизде азыр конституциялык реформа жүрүп жатат. Ошол реформа боюнча Кыргызстан президенттик-парламенттик республика боло тургандай. Ошого карата өзгөрүүлөр болот го… деп айткам.

XS
SM
MD
LG