Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Максим Максимович Акаевди коргойт


БИШКЕК. Мурунку президент Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович Акаевдин дарегине карата айтылган негизсиз айыптоолору үчүн вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновду сотко берерин билдирди. Анын айтымында, Акаевдин мүлктөрүнө байланыштуу маселени иликтөөдө саясат көбүрөөк болуп жатат. Эгерде Кыргызстанда Акаевдин кызыкчылыгын коргой албай калсак, анда аны Орусияда улантабыз, деп белгиледи Максим Максимович 27-майда “АКИ-пресс” маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында. Аскар Акаевди кылмыштуу топтун башчысы деген журналисттердин баасына кошулаарын 27-майда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Данияр Үсөнов билдирген эле. Акаевдин адвокаты мына ушул сөз үчүн сотко кайрылаарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG