Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Ф.Кулов экономикалык программасын даярдап жатат


БИШКЕК. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Кулов жакында өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жөнүндө өз программасын өкмөткө сунуштайт. Бул тууралуу Феликс Кулов 27-майда өткөн бизнес форумда билдирди. Анын айтымында, өзүнүн экономикалык программасы вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов даярдаган программадан айырмаланат жана салык көлөмүн азайтуу менен гана экономиканы жогорулатуу мүмкүн эмес, структуралык кайра түзүү зарыл. Ал эми Данияр Үсөнов экономикалык тармакта 3 башкы өзгөртүү киргизүүнү көздөп жаткандыгын 27-майда жарыя кылды. Анын айтымында, алар ишканалардын карызын жоюу, эмдиги жылдын 1-январынан тарта салык карыздарын кечүү жана капиталды ачыкка чыгаруу. Андан тышкары банк системасында депозиттерди коргоону күчөтүү керек.

XS
SM
MD
LG