БИШКЕК. 27-майда Бишкекте Кыргызстандын бизнес ассоциациясы уюштурган бизнес форум болду. Ага биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов катышып, Бакиев менен макулдашуусу жеке кызыкчылыктардын биримдиги эмес, жалпы мамлекеттин бекемдиги үчүн түзүлгөн келишим деп билдирди. Конституциялык реформага токтолгон Феликс Кулов жаңы Конституция демократиялуу болуп, мамлекеттик бардык маселелерди «мээрман падыша» эмес, система чече тургандай жаңы системаны түзүү зарыл жана ал президенттин үй-бүлөсү менен жакындарынын элдин эсебинен байышына жол бербеши керек деп билдирди. Анын айтымында, «марттагы ыңкылаптын натыйжасы алдыдагы президенттик шайлоонун натыйжасы менен бааланат». Ошон үчүн шайлоону ачык, калыс өткөрүү зарыл. «Эгер шайлоодо мыйзам бузуулар болсо Кыргызстан 10 жылга артка чегинип, эл аралык коомчулуктун ишениминен чыгат»,-деди Ф.Кулов.