Мындан эки апта мурда документти парламенттин төмөнкү палатасы – бундестаг жактырган эле. Ушуну менен документ Евросоюздун тогуз өлкөсүндө ратификациядан өттү. Немец тышкы иштер министри Йошка Фишер Германия үчүн бүгүн маанилүү күн болгонун белгилеп, муну француздар эске аларына, азыркы Европаны түптөп-түзгөндөрдүн бири катары Франция да бул чечимге кошуларына үмүт билдирди. Немец канцлери Герхард Шрөдөр менен Испаниянын премьери Хосе Луис Родригес Сапатеро франциялыктарды буга шыкактоо үчүн бүгүн Парижге келишти.