Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

29-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 29-майда Кыргызстанда ала булут каптап турат, тоолуу аймактарда жаан-чачындын болушу күтүлөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +26...+31 градус ысык. ТАЛАС дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29 градус. БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31ЫСЫККӨЛ ойдунунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24 градус ысык. НАРЫН облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25 градус.

БИШКЕК шаарында жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, ал эми күндүз +28...+30 градус ысык.


Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана жер-жерлердеги кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG