ЖАЛАЛАБАТ. Жаңы жерде эки жарым, үч айга чейин чатыр шаарчасы болуп качкындардын коопсуздугун аскерлер коргошот. Анжиян түрмөсүнөн чыккан он эки киши жердештеринен бөлүнүп коюлат. Качкындар эл аралык уюмдардын эсебинен багылууда. Алардын жашоо тиричилиги үчүн буга чейин жумшалган эки жарым миллион сомдук каражатты Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча башкы комиссариаты төлөөгө макулдугун берди. Мындай маалыматты облустун губернатору Жусупжан Жээнбеков 28-майда өткөн облустук кеңешмеде жарыялады. Жусупжан Жээнбековдун айтымы боюнча, качкындардын 93 пайызы жаш адамдар, алты өспүрүм Өзбекстандагы ата-энесине кайтарылып берилген. Лагерде азыр 484 качкын адам калды. Кыргызстандык 36 жаран Оштогу фильтрациялык пунктта текшерилүүдө.