Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Косоводо демократташтыруу процессине баа берүү керектигин билдирди


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Баш катчы Кофи Аннандын Косоводо адам укуктарынын акыбалына жана демократташтыруу процессине баа берүү керек, деген демилгесин колдоп чыкты. Кооопсуздук кеңешинин айтымында, Косово чөлкөмүнүн статусу жөнүндөгү сүйлөшүлөр башталганга чейин чөлкөмдүн жетекчилиги дагы көп иштин өтөлүнө чыгуусу абзел. Косовонун албан жана серб улуттук жамааттарынын өз ара мамилеси жөнүндө Британиянын өкүлү Жонс Перри буларды айтты:

- Сербиянын жетекчилиги Косоволук сербтердин Косовонун өкмөт органдарынын ишине активдүү аралашуусуна демөөрчү болуш керек. Сербдердин кызыкчылыгын чагылдыруунун бирден бир жолу - бул алардын өкмөттүн ишине активдүү катышуусу.

XS
SM
MD
LG