Митингчилер социалдык жеңилдиктерди акчалай компенсация менен алмаштырууга каршы чыгып жатышат."Уурдап алганыңарды кайра бергиле!" деген акцияга 100дөн ашык киши- Чернобыль Атомдук электростанциясындагы кырсыктын кесепеттерин жойууга катышкан, Орусиянын ар кайсы региондорунан келген адамдар катышты. Митингдин уюштуруучулары орус өкмөтүнүн акыркы токтомдорунун негизинде, алар 20дан ашык ар түрдүү жеңилдиктерден кол жууп калышканын, ал жеңилдиктердин орду акчалай компенсация менен толтурулбаганын айтышат.