Элчиликтердин жанында жайгашкан, сунни жана шии мусулмандары бирдей көп табынган Бари Имам деген ибадатканада кечээ бомба жардырылып, андан 18 киши курман болуп, 80дей адам жаракат алган. Өлкөнүн президенти Первез Мушараф кол салуунун артында сектанттар турганын божомолдоду. Өткөн бир эле жылдын ичинде сунни жана шии экстремисттердин кол салуусунан 100дөн ашык киши курман болгон.